Токмок шаарынын тургуну Болот (аты өзгөртүлдү) карындашы Айжаркын катуу сабалып зордукталганын айтат. Бирок Кеминдин милициясы буга чара көрбөй жатат дейт.

Айжаркын мындан жарым жыл мурда жолдошу Тимурдун кордугуна чыдабай ажырашып кеткен. 4-нөн 5-октябрга караган түнү мурдагы күйөөсү Айжаркынды коркутуп чакырып, экөө Кеминден кезигишкен. Жолугушууда Тимур Айжаркынды сабап, үйүнө алып барган. Ал жактан дагы ур-токмоко алып зордуктап салган. Эртең менен кыз качып чыгууга мүмкүн болуп, ата-энесинин үйүнө барган.

Ошол эле күнү жабыркаган кыздын жакындары Кемин ИИБнө арыз жазып, Айжаркынды Токмоктогу ооруканага жаткырышкан. Арадан төрт күн өтсө дагы милиция эч чара көрбөй жатат дейт Болот.

Мурдагы аялына кордук көрсөткөн эркек Токмоктогу мамэкотехинспекцияда иштейт, демек ал күч структурадагылар менен кызматташат дейт жабырлануучунун агасы. Белгилүү болгондой Тимур буга чейин эки жолу үйлөнгөн. Аларга дагы кол көтөрчү. Бирок эмнегедир ал эч кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт дейт Болот. Карындашынын кайгысы дагы жабылып, күйө баласы жазасыз калып калбаса экен деп кооптонууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: