2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга алынып келген автоунаалардын  бажы төлөмү 10 эсе кымбаттайт.

Мамлекеттик бажы кызматы 31-декабрда транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктарын эскертет. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген.

2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бекитилген.

Эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болот.

Мамлекеттик бажы кызматы чет өлкөлөрдөн автоунаа алып келе турган жеке тараптарды эртерээк камынып, багыттарын аныктап алууну эскертти. Бажы алымдары бажы декларациясын толтурган күн менен төлөнмөкчү.