Элдик Медианын “Элдик Талкуу” программасынын алкагында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова борбор калаада жайгашкан бала бакчалардагы мамлекет тарабынан бекитилген устав, тартиптер жана ата-энелердин милдет жоопкерчиликтери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Бишкек шаарында жалпы 86 мамлекеттик мектепке чейинки мекеме бар. Анын ичинен 11и атайын (мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн) бала бакча. 2018-2019-жылдан бери бакчага электрондук кезекке туруу системасы ишке ашып өз жемишин берип жатат. Бирок, ага карабастан жең ичинен коррупциялык жол менен балдарды кабыл ала койгондор да жок эмес. Эгерде бала бакчага баланы киргизүүгө акча талап кылган болсо, билим берүү министрлигине билдирсе болот. Электрондук журнал менен бакчага кирген бардардын тизмеси текшерилет. Коррупциялык элементтер катталган болсо, директор же башка кызматкерлер да иштен четтетилип жоопко тартылат. Бала бакчага оюн зоок коюп, келип каражат жыйнап кетип жаткан көрүнүштөр мыйзамсыз. Президенттин жарлыгы менен тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы сыяктуу кызматтагы адистерге айлык акы 30 пайыз кошулду. Мурда айлыктын аздыгынан тарбиячылар токтобой келсе эми туруктуу иштеп калышаар деген үмүттөбүз. Билим берүү министрлиги тарабынан социалдык буйрук иштелип чыккан, эгерде бала бакчада баланын саны көп болуп батпай жатса жакын жердеги жеке менчик бакчага убактылуу 1 жылга барат. Акысы 6000же 7000сом болсо, анын жарымын өкмөт төлөп берет. Качан мамлекеттик бакчага кезеги жеткен кезде баланы которуп алат. Бала бакчада иштеп жаткан кызматкерлердин айлык акысын, балдардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын 50 пайызын мэрия төлөп берет. Калган 50 пайызы ата-энелерге милдеттендирилген. 1 жылда бир боло турган капиталдык ремонттун 60-70 пайызын өкмөт төлөйт. Ата-эне бала бакчага оюнчуктарды, идиш- аягын, жыл ичинде болуп турган майда ремонттук иштерге жана тамак аштын 50 пайызын төлөөгө мажбур болууда.