Күч органдарына белекке берди делип жаткан Эркин Мамбеталиевге таандык эки жолтандабастын терезелери караңгылатылганы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Баткендин милиция кызматкерлери документтерди текшерүү үчүн Кадамжай районунда Эркин Мамбеталиевге таандык “CHEVPOLET-SUBURBAN” үлгүсүндөгү 09KS822AAI жана 09KS822AAI мамлекеттик номурлуу эки автоунааны токтотушкан.

Кадамжай РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан терезелери караңгылатылгандыктан протоколдор толтурулуп, автоунаалар ээсине кайтарылып берилген.

Буга чейин “Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылды” деген маалымат чыккан. Ички иштер министрлигинен интернетте тарап жаткан кабар чындыкка дал келбестигин айткан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: