Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев мас болуп автоунаа айдагандарга салынчу айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү же айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну сунуштады. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында билдирди.

” Айдоочулук күбөлүктөн жок дегенде бир жылга ажыратыш керек. Же болбосо айыпты 50-70 миң сом кылыш керек. Коңшу мамлекетте биздин маалымат боюнча, айып 500 миң теңге экен. Ал 150 миң сом болот. Биз 150 миң сом кылбасак да 50-70 миң сом кылышыбыз керек. Спирт ичимдиктеринен тышкары маңзат колдонгондорго да ушундай чара колдонуш керек”,- деди Самаев.