Модель Сусанна Егорян кыргыз өкмөтүнө нааразычылыгын билдирип чыкты. Себеби өкмөт чыгармачыл адамдарга жана спортчуларга колдоо көрсөтпөөрүн айтат.

Анын айтымында, Miss Asia World – 2019 эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан катышып жеңишке жеткен. Бирок ага ыраазычылык билдирип эч нерсе белекке берилген эмес. Мындан улам модель кыз жарандыгын өзгөртүүнү ойлонууда.

” Мен кыргыз өкмөтүнөн жана бийликтен көңүлүм калды. Бул билдирүүмө ким кандай айтса айтсын, мен көнүп калдым. Кандай болсо ошондой жазам. Өкмөттө өз элине эч кандай урмат сый жок. Биринчи жолу Кыргызстан дүйнөлүк сулуулук сынагында жеңишке жетти. Бул жаңылыкты жада калса чет өлкөдөн берип жатты. Жыйынтыгы эмне? Белек же расмий жолугушууну кой, мага керек болсо рахматын айтышкан жок”,- деп жазды Егорян өзүнүн Instagram баракчасына.

Ал көпкө күткөндүгүн, бирок эч нерсе албагандыгын кошумчалайт. Ошондой эле, жакын арада жарандыгын өзгөртө тургандыгын билдирди.