Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө унаада кучакташып, өбүшкөн кардарларынан тажаган таксисттер жаңы акция баштады. Калаадагы таксилерде “кучакташуу, өбүшүүгө болбойт” деген белгилер илинүүдө деп жазат Би-Би-Си кызматы.

Мурда Дүйшөмбүнүн таксилеринде “тамеки тартса болбойт”, “ичкиликке тыюу салынат” деген белгилер бар болчу. Таксисттердин соңку акциясы өлкөдө кызуу талкуу жаратты.

2012-жылы Гуманитардык институттун ректору Аслиддин Низомов “адеп-ахлак полициясын” түзүү сунушу менен чыкканда дагы ушундай талкуулар болгон. Мындай полиция көчөдө сөгүнгөн, түкүргөн, адепсиз кийинген тургундарды жазаламак. Бул кадам ишке ашпай калганы менен таксисттердин акциясы мындай полиция керек деген чакырыктарды кайра козгоду.

Албетте, бул акцияга каршы чыккандар дагы көп. Коомдук медианын колдонуучулары арасында таксисттердин кадамын эркиндикти чектеген кысым катары да баалагандар болду.Айталы, колдонуучулардын бири Шахло Файзиева “үйлөнгөн түгөйлөр таксиде кол кармашып отурса болбойбу” деген суроо жолдосо, Сиовуш Жураев “таксисттер өз жумушун аткарып, айткан жерге жеткирүү менен алектенсе” деп жазды.

Дүйшөмбүнүн таксисттери айрым кардарлар “чектен ашып” кетет деп айтып жатат. “Кол кармашып олтурса мейли, “акчасын берейин, унаадан чыгып турчу” деген сунуштар дагы болот”,-дейт таксист Бахиор.

Таксисттердин баары мындай акцияны жапырт колдоду деп айтууга болбойт.

“100 таксисттин экөө же үчөө мындай белгилерди илди. Такси компаниялары мындай акцияны колдогон жок”,-деди “Сабох” такси фирмасынын ээси Содикжон Зарифи.