14 жаштагы кызды зордуктаганга аракет кылган зөөкүрдүн жазасын катаалдатты.

Сокулук райондук соту эркек кишини 1,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. 7-октябрда Чүй областтык соту жазасын күчөтүү боюнча өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучу ну 5 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, ичимдик ичип алган 28 жаштагы киши 14 жаштагы кыздын бөлмөсүнө кирип, ал уктап жатканда өпкүлөп баштаган. Кыз ойгонуп кетип түрткөнгө аракет кылган бирок күчү жеткен эмес. Зөөкүр өзүнүн шымын чечип, кыздыкын дагы шыпырып жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Өспүрүм кыйкырганга аракет кылып, анын үнүн уккан апасы бөлмөгө кирип келип калган. Зордук көрсөткөн киши терезден секирип качып кеткен.