Бүгүн түнкү саат 03:50 чамасында Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин жеткен. Ал эми Казакстандын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга чейин жетти.

Кыргызстандын аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.