Бишкек шаарынын Криминалдык милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнан кабарлашты.

Эске салсак, 9-октябрда эки айдоочу жол талаша кетип, уруша кетишкен. Андан соң бири экинчисин атып салган, кийин анын милиционер экени аныкталган.

Жарадар болгон жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Бишкек шаардык милициясы кийинчерээк бул боюнча маалымат таратып, “жолдогу жаран милиция кызматкерине кол салуусун токтотпой койгондуктан, Алымкулов айдоочу Ж.А. тарапка ок чыгарган” деген негиздемесин айткан.

Булак: sputnik.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: