Бүгүн Кыргызстан менен Мьянманын футбол курамалары беттешет

91

Бүгүн 10-октябрда, Кыргызстандын Улуттук курама командасы 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган.

Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген.  Тажикстан экинчи беттешинде Монголияны жеңген.

Ошентип F тайпасынын сап башына эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы чыкты. Экинчи орунду үч упайы менен Жапония ээлеп турат. Үчүнчү орунда эки беттеште үч упай алган Монголия келе жатат.

Кыргызстан менен Мьянма командаларынын эсебинде бир да упай жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь