Депутат Маматалиев модель Сусаннадан жарандыгын алмаштырбоону суранды (сүрөт)

108

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев модель Сусанна Егорянга жарандыгын алмаштырбоону суранды. Депутат моделдин Instagram баракчасына кат жазгандыгын Сусанна жарыялады.

Маматалиев эл аралык сынактарда өлкөнү таанытып жургөндүгү үчүн Сусанна Егорянга ыраазычылыгын билдирип, бул маалыматты өкмөткө жеткирүүнү убадалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге жылуу сөздөрү үчүн чоң рахмат. Ушундай адамдар бар экени мени кубандырат! Мени колдоп, жазып жаткандарга ыраазычылыгымды айтам. Кыргыз элин кудай колдосун! Мен туулуп өскөн жеримди эч качан унутпайм! Жарандыгымды алмаштыруу жана нааразычылык билдирүүм менен өкмөттүн кайдыгерлигине көңүл бурдургум келген“,- деп жазат Сусанна.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь