Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бактыбек Турусбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз тик учагынын абалына токтолду. Анын айтымында, аталган тик учак 2008-жылдан 2013-жылга чейин ижарага берилип келип, 2013-жылы учуу ресурсу түгөнүп, иштен чыккан. Ал эми ижарага төлөнүп келген каражат дагы кайда жумшалганы белгисиз. «Андыктан, бул тик учактын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюуга убакыт жетти»,- деген депутат Өкмөткө маселе койду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Улан Примов Бишкек-Ош аба каттамында 3 каттам ишин токтотулганын айтып, өлкөнүн авиа тармагында абал оорлошуп бара жаткандыгы боюнча Өкмөткө коӊгуроо какты. Мындай көйгөйдү улаган депутат Аида Касымалиева «Ачык асман» долбоору боюнча Өкмөт тарабынан эч кандай иш-чаралар аткарыла электигин сынга алды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: