Жыпар Жекшеев: Жайнак Үсөн уулу боюнча “глупый” суроо менен мага кайрылбагыла!

156

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу КТРКнын эфиринен чыкан «Манаска жасалган мамиле» аттуу телеберүүсүнөн соң материалды эфирге алып чыккандарга , алып баруучуларга, режиссерго кысым көрсөткөн. Бул туралуу бүгүнкү маалымат жыйында КТРКнын мурдагы кызматкери Ырыс Окенова жана манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты.

Биз Манастын аты ыгы жок колдонулуп, ичимдикке аты ыйгарылып жатканы боюнча материал даярдасак ошондон баштап, «Манасты ким тааныйт экен? Анын атынын аракка коюлганын эмне себептен эфирден айтасыңар деп жемеледи”- деди Окенова.

Бул боюнча Жайнак Үсөн уулу менен байланышууда майнап чыккан жок. Ал эми коомдук биринчи каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев төмөндөгүчө жооп берди.

-Жайнак Үсөн уулуна, өзүнө суроо бергиле! Мен байкоочу кеңешинин төрагасымын. Жайнак Үсөн уулу антип айткан жок болушу керек.

-Негизи сиздер шайлагансыздар да? Эгер айткан болсо сиздер кандай реакция кыласыздар?

– Мага глупый суроо менен кайрылбагыла. Мен анын адвокаты эмесмин. Бирок мен ”Манасты тааныбайм” деп айтканына такыр ишенбейм!

Ошол эле учурда Манастын атын коргогон берүү эфирден кетпеши керекпи, аракка коюлган боюнча жооп берүүдөн баш тартты. Буга чейин КТРКнын байкоочу кеңешине ар кандай сын пикирлер айтылып келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь