Башкы бет САЯСАТ КТРКнын башчысы Жайнак Үсөн уулу: Сөзүмдү бурмалап жатышат

КТРКнын башчысы Жайнак Үсөн уулу: Сөзүмдү бурмалап жатышат

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу негизги маселе Манас эпосу тууралуу телекөрсөтүүдөн чыккандыгын жана телекөрсөтүү бүткөн соң алпаруучуга төмөнкү суроолорду бергендигин билдирди.

” Телеберүүдөгү конокторго Манас эпос жөнүндөгү мыйзам тууралуу жана элге эмнеси аткарылбай жатат? Кандай өзгөрүүлөрдү киргизиш керек? Кайсы толуктоолорду киргизиш керек? деп суроо бербейсиңерби дегем. Ал талкууда Маданияттын продюсери, режиссёру жана орун басары бар эле. Мына, ушул телеберүүдөгү сөзүмдү бурмалап жатышат. Бул боюнча дагы толук маалымат берем алдыда “,- деп жооп берди Жайнак мырза.

Дөөлөт Сыдыковдун берген маалыматына таянсак, алар КТРКнын эфиринен чыгып келген «Ким макул?» программасынын алкагында «Манаска жасалган мамиле» атуу телеберүү даярдашкан. Анда Манастын аты ар кай жерде ыгы жок колдонулуп жатканы, ал тургай, ичимдиктерге да берилип кеткени боюнча маселе көтөрүлгөн.

«Мына ошондон баштап, «Манасты ким тааныйт экен? Анын атынын аракка коюлганын эмне себептен айтасыңар?» — деген сыяктуу суроолор менен алып баруучуларга, режиссерго кысым көрсөтүү башталды. Берүүнү жаптыруу талабын койду», дейт Дөөлөт Сыдыков.

Булак: informator.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: