Нарында молдо өспүрүмдөрдүн никесин кыйбай, милицияга кабарлаган

240

Нарында жашы жете элек өспүрүмдөр үйлөнүүгө аракет кылышкан. 2002-ж.т. Миң-Булак айылынын тургуну 9-классты бүткөн соң Бишкекке иштегени келет. Ал көп балалуу үй-бүлөдөн улуусу. Өзүнөн кийин эки иниси жана эки карындашы бар.

Шаардагы тигүү цехинен өзү менен тең Кочкор районунан келген кыз менен таанышат. 17 жаштагы кыз-жигит сүйлөшүп жүрүшүп, баш кошууну чечишкен. Ата-энелери деле каршы болгон эмес. 8-октябрда эки жаштын никеси кыйылмак. Молдо алардын жашы жете электигин билген соң никесин кыюудан баш тартып, милицияга билдирген.

Укук коргоо органы бул окуяны каттоого алып, катышуучуларга юридикалык баа бермекчи. Эки жаштын никеси кыйылган жок. Бирок 17деги кыз баланын үй-бүлөсүндө жашап калды. Боюнда жок.

.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь