12-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун колдоосу менен белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ортосунда футбол боюнча ынтымак турнири өтөт. Мелдешке Султан Жумагулов өзү иштеп кеткен бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баштаган командалар катышат.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппараты менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигин Аппаратынын командалары күч сынашат.

Турнир  Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») саат 08:30да башталат.

Эскерте кетсек, Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, “Ленинчил жаш”, “Эркин-Тоо”, “Асаба” гезиттеринде, ВВС, Азаттык эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар эмгектенген. Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: