2019-жылдын апрель айында 38 жаштагы аял милицияга кайрылып, Чүй облусунун тургуну, 1978-жылы туулган Н.М. аттуу жолдошун издөөгө көмөк көрсөтүп коюларын суранган. Жолдошу акыркы жолу 2019-жылдын февралында Навый Уренгой шаарынан байланышка чыкканын, андан соң белгисиз себептер менен туугандары менен байланышпай калганын билдирген.

Ички иштер министри Россиянын министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн башкармалыктары менен биргеликте көрүлгөн текшерүү жана издөө иш-чараларынын натыйжасында туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен адам мыйзам бузган иш-аракеттери үчүн жазасын өтөп жаткандыгы маалым болгон.

2019-жылдын мартында ал Россиянын кылмыш-жаза кодексинин “саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жана сот тарабынан 6 айга эркинен ажыратылганы маалым болгон. Н.М. аттуу жаран Россиянын Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагында жазасын өтөп жатат. Туугандарына жогорудагы факты тууралуу маалымдалган.

Учурда жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, жогорудагы жаран бошотулуп, мекенине кайтып, азыркы учурда үй-бүлөсү менен бирге.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: