«Россия-1»  телеканалынын “Прямой эфир” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Кечээ Малахов элчиликте болуп, дагы бир жолу кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Мурдараак Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “ВГТРК” ири медиахолдингине Малаховдун айткандары боюнча кат менен кайрылган.

Документте биз Андрей Малаховдун сөздөрүнө нааразычылыгыбызды билдиргенбиз. Күн мурда теле алып баруучу жана ВГТРК өкүлү Петр Федоров Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту. Жолугушууда ВГТРК менен Кыргызстандын ЖМКлар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болду“, -деп айтылат маалыматта.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: