Батукаев боюнча алгачкы сотко Атамбаев катышуудан баш тартты

72

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу алгачкы соттук жыйын 14-октябрга жылдырылды. Себеби Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тарткан. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, ” Алмазбек Атамбаев буга чейин эле «бул оюнда бийлик ага берген ролду аткарбайм» деп билдирген”.

Сот иши жабык өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилген жок.

Айыпталгандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу кызматынын экс-башчысы Калыбек Качкыналиев калган. Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь