Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин жабыш керек. Бул тууралуу депутат Евгения Строкова КСДП фракциясынын жыйынында билдиргенин elgezit.kg сайты жазды. Анын айтымында университеттин базасында медициналык факультет түзүлгөнү жатат.

Мамлекеттик жогорку окуу жайларга караганда, көптөгөн менчик окуу жайлар пайда алып келет“,- дейт.

Депутаттын айтымында, Улуттук университетти тазалап, бардыгын жумуштан алып, башынан жаңы кызматкерлерди тандоо керек.

Биринчи кезекте ректорду жумуштан кетириш керек. Жок дегенде ата-энесин уят кылбаш үчүн. Адамкулованын учурунда жасалгандар, азыр ого бетер күч алды. Азыр жада калса мугалимдер өз учурунда айлыгын ала албайт. Өтө алсыз тандоо. Эми бул жактан медицина факультетин ачып, акча табууну чечкен экен“, – деген Строкова вице-премьер-министрин факультеттин ачылышына жол бербөөгө чакырды.