«Биздин көңүл биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө бурулушу керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынында.

Мамлекет башчысы ишкерлик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өз ара пайдалуу ишкердик байланыштарды жөнгө салуу жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода-сатык жүргүзүү аймагынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент агроөнөр жай комплексине инновациялык жетишкендиктерди жана логистика маселелерин киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурду.

Ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө КМШнын ролун жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Чек ара коопсуздугу жана мамлекеттик чек араларды коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер өзгөчө маанилүү болуп саналат. Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биздин атайын кызматтардын мамилелерин арттырууну сунуштайм. 2020-жылга чейинки КМШга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгы Концепциясын ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат. Концепция биздин аскердик ведомстволордун аскердик жана аскердик-техникалык мамилелерин бекемдөөгө жол берет», — деп айтты Президент.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы КМШга төрагалык кыла турчу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге ийгиликтерди каалап, анын натыйжалуу болушуна жана КМШнын алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу салым кошооруна ишеним билдирди.