23 жаштагы мугалим наам алганга укуктуу! Бул туурасында бүгүн “Элдик Медиа” порталына билим берүү министрлигинин өкүлү Бакыт Рысбеков билдирди.

Эске салсак жакында эле 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызы билим берүүнүн “отличниги” наамын алган. Ал наам социалдык тармакта чоң талкууну жаратып 25-30 жылдан бери эмгектенип кызмат өтөгөн мугалимдердин нааразычылыгын жараткан. Талкууда жаш кыздын жаңы министрге туугандыгы айтылса, айрымдары туура түшүнүк менен кабыл алышкан.

Негизинен бул мектеп жетекчилигинин сунушу менен ыйгарылган наам. Ал кыз жигердүү иштеп, күн-түн дебей иштеп жаткандан кийин биз андан баш тарта албайбыз. Экинчиден бул наам жаш мугалимдерге стимул жаратат деген ишеничтебиз андыктан биз баардык жоболордун негизинде иш алып бардык десем жаңылышпайм. Кошумчалай кетчү жагдай ал кыздын министрге эч кандай жакындыгы жок”- деп билдирди Бакыт Рысбеков.

Ал эми эфирде маек курган кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов наам берүүдө убакыт чектөөсү болуш керек дейт. “Наам берүүдө жок дегенде беш жылдык чектөө болуш керек. Мисалы студент окууну аяктагандан кийин эң аз эле беш жыл иштеп анан наамга көрсөтүлсө жакшы болмок. Бул жерде тажрыйбалуу мугалимдердин да нааразычылыгын түшүнсөк болот”-дейт Токтомаметов.