Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу Азат Солпуев аны чапкан жигитке карата арыз жазды. №203 маршрутканын айдоочусу окуя 10-октябрда Манас проспектисинде саат 18:00дөр чамасында болгонун айтат. Окуянын кандай болгонун Кактус.медиага түшүндүрүп берген.

“Мамкаттоонун аймагында бара жатсам, көпүрөнүн үстүнөн күрөң түстөгү “Тойота” түштү. Рулда мени чапкан бала болчу. Мен бир тилкеге түшкөндө ал дагы ошол багыт менен айдамак экен. Бул жакта жол эрежесин бузуу болгон жок. Экөөбүздүн ортобузда аралык сакталуу эле болчу. Рулдагы бала сигнал берип баштады. Мен токтобостон айдап кете берсем, мени ашып өтүп келип токтоду, мен дагы токтодум. Жигит ачуу сөздөрдү айтып келип, бетиме коланы чачып жиберди. Мен да ага суу чачтым. Салондон түшүүгө аракет кылдым, бирок эшиктеримди блоктоп салып терезеден бир нече жолу сокку шилтеди.  Айланадагы элдер токтотууга аракет кылып кыйкырып жатышты. Ал дароо унаасына отуруп айдап кетти. Мен кечээ шаардык милиция бөлүмүнө кайрылып, арыз жаздым. Бүгүн медициналык кароодон өтүп жатам” ,- дейт жабыркаган айдоочу.

Буга чейин социалдык тармактарга маршрутканын эшигин ачып, орто курактагы айдоочуну ой-боюна койбой  чаап, жулкулдатып жаткан жигиттин видеосу тараган.Аны жолдон өтүп бараткан кишинин тартып алган видеосу жарыяланган.

Ушундай акмактарга бийлик органдарынын күчү жетпей калгандай

Опубликовано Маратом Тукеевым Четверг, 10 октября 2019 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: