Депутат Төрөбай Зулпукаров КСДП парламенттик фракциясынын 11-октябрдагы жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Эл өкүлүнүн айтымында, жеке жарандар мамлекет үчүн деп өз демилгелери менен чет өлкөдөн “Тез жардам” унааларын сатып алып келгени аз келгенсип, кайра каттоодон өткөрүү үчүн министрликтин артынан эки айлап чуркап жүрүшөт.

Зулпукаров саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге аталган маселе менен кайрылып: “Космосбек Сариевич, сиздердин негизги милдетиңиздер калктын саламаттыгына кам көрүү да. Мына, биздин жарандар өз аракети менен чет өлөкөдөн “Тез жардам” унааларын алып келип жатышат. Аны каттоодон өткөрүүнү канча убакыт аралыгында бүткөрүшүңүздөр керек?”,- деп суроо салды.

Космосбек Чолпонбаев өзү жетектеген министрлик жана Мүлк фонду “Тез жардам” унааларын гуманитардык жардам катары келди деген негизде буйрук чыгарып, каттоодон өткөрүүгө жардам берип жатышканын айтты.

Зулпукаров каттоодон өткөрүү министрликтин милдети экенин эскертти. “Абдурасул Айдаров деген ишкер жигитибиз Ноокат райондук ооруканасына “Тез жардам” унаасын белекке берди. Сиздерге өткөрүп берүү процедурасы менен эки ай чуркады. Муну кандай түшүнсө болот? Биз аны жеке менчиккке эмес, сиздерге берип жатсак эмнеге чуркатасыңар? Бул деген уят да. Сиз, сиздин орун басарларыңыз эмне кылып отурат, эмне менен алек болуп жатасыңар? Асманга чыгып кетпестен бир аз ылдый түшүп алсаңыздар”, – деп сындады Зулпукаров.

Эл өкүлү андан кийин кайрымдуулук фонддор тарабынан канча медициналык обьект курулуп жатканын сурады. Бирок министрдин так эмес маалыматынан кийин Зулпукаров кайсыл районго канча обьект курулуп жатканын өзү тизмектеп берди.