Осмоналиев: Популист Бабановдун башаламандыгынан өлкөнүн жарымы жабыркап жатат

103
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жол коопсуздугун камсыз кылган инспекторлорду мындан ары кызматына түз тиешеси жок болгон бир катар ашыкча милдеттерди аткаруудан бошотту.
Транспорт салыгын текшерүүгө тыюу салынгандыгы туура деп эсептейт автосүйүүчү жана профессор Кайрат Осмоналиев. “Бул ишти рейд жүргүзүп, салык кызматы текшериши“,-керек дейт.
” Унаага ишеним катты алып салган популист Өмүрбек Бабановдун башаламандыгынан өлкөнүн жарымы жабыркап жатат. Анын ичинде мен дагы. Мындан 12 жыл мурда саткан унаамдын азыркы ээсин таппай жүрөм. Жол эрежесин бузуп, мага 6 миң сом айып пул келди “
Юристтин айтымында, бир дагы өнүккөн өлкөдө айдоочу башка бирөөнүн унаасында ишеним катсыз жүрө албайт.
“Автоинспекторлор ишеним катты текшерсе жакшы болмок. Ишеним кат жокпу- унааны айып короого токтотуу керек. Унаанын ээси машинени алганы келгенде ошол жерден каттатып алгыдай болуп. Муну менен ЖКККББ унааны каттатууда көптөгөн кыргызстандыктарга жардам бермек “,-деген ою менен бөлүшкөн Кайрат Осмоналиев “Вести.кг” басылмасына.
 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь