Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды.
Турганбаев 11-октябрда 55-59 жашка чейинки курактагы балбандар арасында 78 килограмм салмакта күч сынашты. Жалпы төрт беттеш өткөрүп, Иран, Украина, жана Казакстандын балбандарын жеңип, финалда АКШнын спортчусу Жорж Бредли Шварцты 4:0 эсеби менен утуп, дүйнө чемпиону аталды.