Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Мамбеталиев кримтөбөл Камчы Көлбаев жана ошондой эле экс-спикер Акматбек Келдибеков менен мамилеси жакшы экендигин vesti.kg тастыктады.

Биздин ортобузда эки тараптуу катыштык болгону менен эч-кандай финансылык же саясий мамиле жок. Бул Азимбек Бекназаровко да Байтемир Ибраевке да тиешелүү. Мен Келдибеков жана Көлбаев менен да жакшы мамиледемин, биздин туугандык да жагыбыз бар”- деп билдирет Мамбеталиев.

Белгилей кетсек, төбөсү көрүнгөн саясий ишмерлер жана криминалдык авторитеттер Мамбеталиевдин кыз узатуу тойунда катышкандыгы тууралуу социалдык тармактарда сүрөт тараган.