УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаев эгер аны күч колдонуу менен сотко алып келе турган болсо, ал ачкачылык жарыялай турганын айтты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев 24 кж басылмасына билдирген.

«Учурда Алмазбек Шаршеновичтин абалы туруктуу. Эгер ал бир же эки жолу эле тамактануусун үзгүлтүккө учуратса, анын ден-соолугу кескин начарлайт. Күч органдары ага карата мажбурлоону колдонсо, ал ачкачылык жарыялай турганын айтты», — деп маалымдады адвокат.

Эгерде сот жана өкмөт менин өлүмүмдү каалап жаткан болсо, анда алар бул кадамга бара беришсин“-деген Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы отурум болмок. Бирок, Атамбаев отурумга келүүдөн дагы бир жолу баш тарткан. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтуусунда, мурдагы президент сотко барбай турганы боюнча арыз жазып берген. Бирок сот Атамбаевдин арызында өтүнүч бөлүгү жок болгондуктан Жазаларды аткаруу мамкызматынан мурдагы президентти сот залына алып келүүнү талап кылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: