Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурумга келбей, экинчи ирет камерадан чыгуудан баш тартса кандай чаралар көрүүлөрүн айтты.

Башкы прокуратуранын кылмыштык жана жарандык соттук өндүрүш башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев билдиргендей, 11-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда саат 10:00гө Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев жана Раимжановдордун жазык иши боюнча алдын ала угууларды жүргүзүү дайындалган. Жазык процессуалдык кодексинин 170-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алдын ала угуу жүргүзүү – бул өзгөчө оор кылмыштар боюнча жана бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу боюнча жол берилбей турган далилдерди жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчтөр боюнча дайындалат. Ал эми жогоруда аттары аталган айыпталуучулар өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталып жаткандыгына байланыштуу алдын ала угуу жүргүзүү дайындалган.

Мындан тышкары ошол күнү Атамбаев абак камерасынан чыкпай койгондугуна байланыштуу сот залына алынып келинген эмес. Ал тууралуу акт түзүлүп, отурум жылдырылган. ЖПКнин 275-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, эгер айыпталуучу арыз менен кайрылып, анын катышуусу жок эле сотту жүргүзүүнү суранса, отурумду өткөрүүгө болот. Ал эми Атамбаев тарабынан мындай кайрылуу болбогондугуна байланыштуу процесс жылдырылган”,- дейт ал.

Абышев билдиргендей, бүгүнкү отурум да жабык өтөт. Процесске төрага, мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар жана айыпталуучу гана катышат.

Кабарчылардын Атамбаев кайрадан абак камерасынан чыгуудан баш тартса эмне болот деген суроосуна, Абышев бул маселе отурумдун жүрүшүндө, мыйзам чегинде чечилет, деп жооп берди.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев, И.Жолдубаева (Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиев (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси) жана А.Раимжанов (Гематология улуттук борборунун мурунку директору) коррупцияга айыпталууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: