Кол алдындагы кызматкерди мейманканага чакырып тийишкен (видео)

129

Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын директору кол алдындагы кызматкерине тийишкен деп билдирди Тоо-кен металлургиясы боюнча кесиптер бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев.

Кесиптер бирлигине аталган ишкананын кызматкери кайрылып, директор ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштагандыгын айткан.

Я работаю в Государственном предприятии «Кыргызская методическая экспедиция геолого-экономических исследований» (ГП «КМЭГЭИ»)Работаю на полставки Я попросил директора ГП Дуйшеева Джаныбека продлить мою пол ставку на 3 месяца. На что Дуйшеев сказал, что нужно обмывать и я должна пригласить его на обед. На следующий день сказал, что гостиницу не нашел и нужно отблагодарить его в сексуальном плане и если я с ним не пересплю он не продлит мне мою пол ставку. Он сказал, что я аппетитная и бойкая и в его вкусе. Дуйшеев говорил, что все это быстро сделаем в течении часа и вернемся на свои рабочие места. Дуйшеев Жаныбек просил сделать ему приятное и в ответ он сделает мне приятное и оставит на работе. Я ему сказала, что расскажу мужу и он сотрет его в порошок. Дуйшеев сказал, что он женат и ему шум не нужен.До этого видео он тоже приставал ко мне. Один раз когда я сидела в кабинете подруги он сзади зашел и обнял за груди. Пишу это все из-за того что дальше сил нету все это терпеть. С одной стороны нужно работать чтобы поддерживать семью, но с другой стороны не могу вечно терпеть сексуальные приставания. Передо мной он поставил выбор переспать с ним или уволиться. Была одна коллега которую он тоже уволил, которая отказала ему.

Опубликовано БеспределKG Пятница, 11 октября 2019 г.

Тажибаев арыз менен кайрылган аял ал учурду видеого жазып алгандыгын жана эгерде интимдик байланышка барса, директордун ишиндеги 0,5 ставкасын калтырууну убадалагандыгын айткан.

Кесиптер бирлигинин маалыматына караганда, милиция 11-октябрда бул окуя боюнча ишти (харрасментти) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки ишти баштаган.

Тажибаев Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир адамдын эркиндиги жана ага эч кимдин кол тийбестиги каралгандыгын айткан.

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 9-беренесинде ар бир адамдын өзүнүн эмгектик укуктары менен эркиндигин ишке ашырууга бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин эске салган.

Төрага 21-июнда Эл аралык эмгек уюму иште Зордукчулук жана кармалап, тийишүүгө каршы конвенция кабыл алгандыгын билдирген. Анда иштеген ар бир адамдын укугу, эркиндиги, зордук-зомбулуктан эркин болушу тууралуу айтылгандыгын кошумчалады.

Кыргызстан тоо-кен металлургиясы боюнча кесиптер бирлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына аталган аткаминерди иштен алуу туурасында кат жолдогон.

Азырынча аталган комитет менен шектелип жаткан адам унчуга элек.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан аталган аялдын арызы Жазык кодексинин ” Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо ” деп аталган 163-беренеси менен катталгандыгын билдиришти.

Булак: sputnik.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь