Милиция кызматкерлери тарабынан Россиянын Новосибирск шаарынын «Хилок» базарынын жанындагы массалык мушташка катышы бар делген жарандар кармалды. Алардын бири Новосибирсктин 31 жаштагы тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон. Дагы бири 29 жаштагы жаран экенин Россия ИИМнин Новосибирск облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр аталган базардын соодагерлеринен акча талап кылып, базарда иштөөгө тоскоол болушканы аныкталды. Учурда аларга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги бейбаштык жана опузалап акча талап кылуу беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, шектүүлөрдүн бири — жеке ишкер Абдирашид Ахмедов. Ал жашылча-жемиштер менен иштеген «Тамерлен» компаниясынын жетекчиси.

Буга чейин Кыргызстандын ИИМи Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 213-берене (бейбаштык) жана 163-берене (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, мушташка катышкан жарандар изделип жатканын маалымдаган.

Булак: Баракелде

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: