Ош шаарында “Казак” каймана аты менен белгилүү кримчөйрөнүн өкүлүнүн баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 12-октябрда карап, сотко чейинки өндүрүш учурунда шектүүнү абакта кармоо боюнча чечимин чыгарды.

Түнкү клубдагы жоругу үчүн кармалган «Казак» атыккан  Эрнис Казаков 16 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө. Кылмышка шектүү буга чейин 23 жаштагы жарандын денесине залал келтиргендиги боюнча кармалган эле. Жогорудагы фактыны иликтөө учурунда Ош шаарынын тургунунан дагы бир арыз келип түшкөн. Арыздануучу 16 жаштагы кызын «Казак» ур-токмокко алып, Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгонун айтууда. Милиция бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштерин баштады.

Ал арада сот «Казактын» бөгөт чарасын карап, ал тергөө учурунда абакта отурмай болду. «Шектүү У.М.ден (эски аты-жөнү Эрнис Казаков, каймана аты «Казак») жабыр тарткандар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына 03222-2-46-78 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөбүз», — деп билдирет милициядан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: