Сейтек Кулубаев  Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды. Бүгүн облус башчысы Эмилбек Алымкулов Кулубаевди райондун активи менен тааныштырды.

48 жаштагы Кулубаев буга чейин 2010-2013-жылдары Ак-Талаа районунун акими болуп эмгектенген. Бирок ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин «мамлекеттик кызматкерлер милдетин так аткарбай жатат» деген жүйө менен чыгарылган буйругунун негизинде кызматтан кеткен.

Ак-Талаа районунун мурдагы акими Нурбек Молдакадыров буга чейин Нарын шаарынын мэрлигине шайланган эле.

Кулубаев Сейтек Дөөлөтбекович 1971-жылы 19-мартта туулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: