Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаевди чек арадан салтанаттуу тосуп алышты. Ага анын жакын санаалаштары, Жогорку Кеңештин депутаттары, достору, туугандары жана журналисттер барган. Чек ара аймагында өтүп жаткан чакан аземде Мелис Турганбаевге тебетей кийгизип, чепкен жабышты.

Эске салсак, 11-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Мелис Турганбаев алтын медаль алган. Ал финалда АКШлык Жордж Брэдли менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңип чыккан.

Чемпион Мелис байке!

Опубликовано Тынчы Атбашингтони Воскресенье, 13 октября 2019 г.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: