Жол эрежесин бузуп, милиция кызматкерлерине баш ийбей койгон айдоочу качып бараткан жеринен ок жеп жаракат алды. Артынан кууган милиция кызматкерлери ок чыгарууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя 12-октябрь күнү саат 18.15тер чамасында Кант шаарынын борбордук бөлүгүндө болгон.

Автоинспекторлор Lexus GX-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун телефон менен сүйлөшүп баратканын байкап калышкан. Буга байланыштуу ага “токто” деген белги беришкен. Бирок айдоочу ага баш ийбестен инспекторлорду коюп кете жаздап, каршы тилке менен айдап жөнөгөн. Инспекторлор маякты күйгүзүп артынан кууп жөнөшкөн. Lexus унаасынын айдоочусу авариялык абалды түзүү менен адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан. Милиция кызматкерлери аны ашып өтүүгө аракет жасашкан, бирок ал буга жол берген эмес.

Алгач эскертүү иретинде табелдик тапанчадан асманга ок атылган. Бирок айдоочу баш ийбей койгондуктан унаанын дөңгөлөгүн атып токтотушкан. Айдоочу эскертүүлөргө карабастан милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Мындан улам ага карата ок атылып, ооруканага жеткирилген.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, унаа 1991-жылы туулган М.Х. аттуу жаранга таандык экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Унаа Кыргызстандын аймагында каттоодон өтпөгөнү белгилүү болду.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: