Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт.

Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда райондук сот Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтты.

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан. Райондук сот 14-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) 15-октябрга Атамбаевдин сотко келишин камсыз кылууну тапшырган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: