Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Монголиянын командасы менен оюн өткөрүүдө.

Алгач эле кыргызстандыктар эсеп санын ачып, Гүлжигит Алыкулов атаандашынын дарбазасына гол киргизген. 10-номердеги Мирлан Мурзаев 1-таймдын 42-мүнөтүндө экинчи гол киргизди. Натыйжада учурда эсеп 2:0.

Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.

Оюн 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна (2023-жылы) тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: