«Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов Ошто күч кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» окуяга күбө болгон Оштогу кабарчысына таянып жазды.

Ал жөнөткөн сүрөт, видеодон күч органдарынын бет капчан кызматкерлери Досоновду жана дагы бир кишини автоунаага салып кетип баратканын көрүүгө болот.

View this post on Instagram

В городе Ош в ходе спецоперации «Ураган» за нарушения остановлен автомобиль, в котором находился Кадырбек Досонов, который также известен по кличке «Дженго». На данный момент известно, что водитель автомобиля марки «Мерседес-Бенц 320» управлял транспортным средством без номерных государственных знаков и не стал останавливаться на требования инспекторов ООБДД, после чего попытался скрыться. Вскоре автомобиль был остановлен. http://www.turmush.kg/ru/news:1571642?from=mportal&place=nowread

A post shared by @bespredelKGZ телеграм (@bezpredelkg) on

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» Досонов кармалганын тастыктаган. Анын маалыматына караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүп жатышат.

Анын алкагында номуру жок автоунаа токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтотушкан. Анда Досонов баратканы белгилүү болгон. Облустук милиция кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Досонов мындан бир нече жыл мурда Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган.

Бирок, Кадыр Досонов бул иш боюнча айыптоолорду четке каккан. Өзүнө коюлган айыптар жана кылмыш иши боюнча 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: