Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиев 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп таап, аны 17,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттык” жазат.

Анын туугандары бул айып негизсиз экенин, шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун чын пейилинен кубанып өөп гана койгону үчүн жазага тартылып жатканын айтып чыгышты. Мугалимдин балдарынын айтымында, атасы ур-токмоктон улам тергөөдө күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон.

Секелек кыз жеңүүчү болгон шахмат боюнча мелдеш ушул жылдын апрель айында болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматы жабырлануучу тарап менен байланышып, алардан комментарий ала алган жок. Тергөө жана сот органдары дагы жашы жете элек кыздан улам окуянын чоо-жайы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: