Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова  Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептейт.

Анын айтымында, Салянова азырынча сотко чакырыла элек.

Эгер чакырса мен сөзсүз барып, кандай болгонун бардыгын айтам. Ал кезде Алмазбек Шаршенович Батукаевдин ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгаруу керектигин айткан. Ошондой эле өлкөдө криминалдык абал начарлап кеткенин жүйө келтирген“, -деп билдирет Салянова.

Салянованын айтымында, Атамбаев ага бардык аракеттер мыйзам чегинде болорун  ишендирген.

Мындан улам мен Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы президенттин тиешеси бар деп эсептейм. Ал эми өзүмдү мурда айткандай күнөөлүүмүн дебейм. Түшүнсөңөр, прокуратура бул соттолуучунун ден-соолугу тууралуу документти текшерген сот же дарыгер эмес. Бизге мындай укук берилген эмес. Эгер Атамбаев Батукаевдин абалы тууралуу документтерди өзгөртүп жасаган болсо, ал сөзсүз жооп бериши керек“,-деп жыйынтыктады Салянова.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: