Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы отурум болуп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралмак.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдиргендей, соттук жыйындын жүрүшүндө алар мурдагы президенттин бошотуу же баш коргоо чарасын өгзөртүүнү суранышкан. Бирок сот макул болгон эмес.

Ошондой эле жактоочулар Качкыналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч келтиришкен.

Баштапкы соттук жыйын 11-октябрда башталган. Бирок Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүүлөр сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен.

Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: