Суусамырда «Хонда Степвагон» жана «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 2 адам набыт болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 155-чакырымында болгон. Эки унаанын кагылышуусунан 2 эркек киши каза болуп, 5 киши жабыркады. Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жабыркагандар Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруу иштерине жалпысынан 6 куткаруучу тартылды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: