Чүй облусунун Москва районунда бычак менен коркутуп телефонду тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Москва райондук ИИБнө 18 жаштагы Г.А. арыз менен кайрылып, белгисиз 19-20 жаштардагы жигит көчөдөн аны бычак менен коркутуп, телефонун тартып алганын айткан. Бул окуя “талап тоноо” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Беловодск айылында Г.А. аттуу жаранга белгисиз жигит келип, чалып алууга телефон сураган. Сүйлөшүп бүткөн соң, ал телефонду алган боюнча кете берген. Г.А. телефонду кайтарып берүүсүн талап кылганда, бейтааныш жигит качууга аракет кылган. Жабырлануучу артынан кууп жеткенде, каракчы чөнтөгүнөн бычак алып чыгып коркуткан. Андан соң из жашырып кеткен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү деп Чүй облусунун тургуну 26 жаштагы К.Ж. кармады. Шектүүнү тергөө кызматкерлерине өткөрүп беришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: