Жалал-Абад шаарына 45 метр келген флагшток орнотулуп, ага узун-туурасы 20-10 метр болгон мамлекеттик туу илинди.

Туу түркүктүн төрт тарабына ак таңдай акын Барпы Алыкуловдун, саясий ишмер Бекмамат Осмоновдун, «Алай ханышасы» Курманжан Датканын жана мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун сүрөтү түшүрүлгөн.

Жалал-Абад областынын жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиевдин жана район акимдеринин, жергиликтүү тургундардын катышуусунда тууну көтөрүү боюнча расмий иш-чара болуп, ага эки миңдей адам катышты.

Аталган комплекске «KG Групп» курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташовдун жеке каражаты жумшалган. Иш-чаранын жүрүшүндө «KG Групп» компаниясы флагштокту Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнө расмий өткөрүп берип, кабыл алуу актысына кол коюшту.

Эскерте кетсек, мындай комплекстер буга чейин Балыкчы, Ош шаарларына жана Казакстанга кетчү жолдогу «Акжол» өткөрмө пунктунун аймагына тургузулган болчу.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: