Күндүзү 10 мүнөт уктай калууну сүйүүчүлөр үчүн эми жүйөөлүү шылтоо табылды. Адам баласынын организми үчүн бир күндө 8 сааттык уйку нормалдуу көрүнүш. Эгерде ар кандай себептер менен 8 сааттан кем уктай турган болсоңуз, анда сөзсүз күндүз уктап ордун толуктаган дурус болот.

Уйкунун жетишсиздиги-атеросклероз оорусун чакырат, кан-тамырлардын ичинде кебер чогулуп отуруп, ал акырындык менен кургап, катып кан-тамырдын ичкерүүсүнө алып келет.

Швейцариянын Лозанна Университетинин изилдөөчү тобу 5 жыл аралыгында 35 жаштан 75 жашка чейинки курактагы 3000 ден ашуун кишини байкоого алышкан. Дарыгерлер, күндүзгү кыска уйку жүрөккө байланыштуу оорулардын канчалык деңгээлде алдын алаарын аныкташкан.

Жыйынтыгында, жумасына 1-2 жолу күндүз кыска уйкуну сүйүүчүлөр 50 пайызга чейин инсультка чалдыгып калуу коркунучу жок болоору аныкталган. Глазго Университинин профессору Навид Саттар: күндүз көп уктаган адамдардын ден- соолугу алда канча чың болоорун айтат. «Мындай адамдар маанайы көтөрүңкү, шайдоот жүрүшөт. Алар көп эс алып аз оорушат».

Эгерде ден-соолукта узак жашоону кааласаңыз күндүз убакыт таап бир саамга көз ирмеп алууну унутпаңыз!

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0