Инстаграмда 7 миллионго жакын катталуучуну бир күндө топтогон актриса ким? Ал, Голливуд актрисасы Женнифер Энистон. Кино тасмалардын жылдызы- Женнифер Инстаграм социалдык тармагына баракча ачып, бир күндө 6 миллион катталуучу топтоду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Актриса “Достор” телесериалында башкы ролду ойногондор менен бирге түшкөн сүрөтүн баракчасына жүктөп, аларды белгилеген да : “Биз эми Инстаграмда доспуз. Салам Инстаграм”, – деп жазган.

Басылманын маалыматына караганда, анын баракчасына бир саат ичинде 116 миң колдонуучу жазылган. Көп өтпөй техникалык катачылык пайда болуп, актрисанын баракчасы бир нече убакыт ачылбай калган. Бир суткага жакын убакыт өткөн соң Женнифердин баракчасына 6 миллиондон ашык адам жазылган. Анын кечээ жүктөгөн жалгыз сүрөтүнө 8 миллион 300 миң адам лайк баскан. “Достор” сериалы Нью-Йорк шаарынын 6 тургуну тууралуу. Фильм 1994-2004 жылдар аралыгында көрсөтүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 0