7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн Алмазбек Атамбаевдин үйүнө киргизбей коюшту. Бул тууралуу комиссияга мүчө Артур Медетбеков Vesti.kg басылмасына билдирген.

Анын айтымында аларга дарбазаны ачпай коюшкан. ” Бизге эмне себептен ачпай жаткандыгын түшүндүрүшкөн жок.  Ал жакта Атамбаевдин айылдаштары чогулган экен. Биз алар менен сүйлөштүк. Өрттөнгөн жерлерди көрүп, башаламандыкта жабыркаган үйлөрдү кыдырдык“,- дейт Медетканов.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 29-августта түзүлгөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: