Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү. Анын арасында Кыргызстандын 2 университети кошулган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Министрликтен билдиришкендей бул рейтингге жалпы 350 университет кошулган. Анын арасынан Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА)163 орунга чыкса  Кыргыз-түрк “Манас” университети 190- орунга илинген.  Рейтингидин көч башында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: