Британ хирургу Рикардо Мохаммед-Али 15 жаштагы өспүрүм кыз Эмили Экклстин жаракатын көргөндө, мындайды согуш талаасынан гана көргөнүн айткан. Эмили Экклстин ээги операцияга чейин жана андан кийин Эмили аттан кулап, ээгинин астыңкы бөлүгүн кичинекей гана тери кармап калган экен. Үзүлүп түшпөш үчүн колу менен кармап келген.

Кырсык август айында үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн учурда болгон. Кызды Шеффилддеги балдар ооруканасына алып келишет.

Жаак сөөктөрүнөн жаракат алып келгендер болгон. Бирок мындайды көргөн эмесмин. Кыздын ээгинин сол тарабы үзүлүп түшкөн экен“,-деди дарыгер.

Кырсыктан бир айдан кийин, сентябрь айында Эмили мектепке кайтып келе алды. Рикардо Мохаммедом-Али башында турган дарыгерлер тобу Эмилинин ээгин титан пластинасынын жардамы менен кайра тигишкен. Операция беш саатка созулган. Андан кийинки калыбына келүү учуру абдан бат өттү. Эмили көпкө чейин өзүн күзгүдөн карагандан коркуп жүрдү.

Бул капылеттен болду: Эмили курбусу менен сүйлөшүп жатып, телефондун камерасынын селфи режимин жандырып алат. “Бул кинодогудай эле болду. Мен өтө оор учурду жашадым“,-деп эскерди Эмили.

Азыр эми ал мурдакы жашоосуна кайтып келди. Жакында эле королева Елизавета Экинчиге кат жазып, доктор Рикардо Мохаммед-Алиге британ империясынын рыцары наамын берүүнү өтүнгөн. Канайымдын кеңсесинен көп күттүрбөй эле жооп келди. Анын каты тиeшелүү департаментте каралып жатканы айтылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: